• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Кыргызстанга наркы 1,4 млн сомдук колго жасалган зер буюмдарын алып кирүүгө аракет жасашкан

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.12.21. /Кабар/. Кыргызстанга наркы 1,4 млн сомдук колго жасалган зер буюмдарын алып кирүүгө аракет жасашкан. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ЕАЭБдин бажы аймагына товарларды жана транспорттук каражаттарды мыйзамсыз ташып кирүү/чыгуу фактыларын табууга жана бөгөт коюуга багытталган иш-чараларды өткөрүүнүн жүрүшүндө “Манас” бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери жана “МЭА” ААКтын Авиациялык коопсуздук кызматынын инспектору тарабынан Бишкек-Дубай маршруту боюнча авиакаттамындагы учуп келген жүргүнчүлөрдү бажылык контролдоо процессинде жалпы таза салмагы 453,65 граммды түзгөн колго жасалган зер буюмдарын контрабандалык товарды ташып кирүүгө бөгөт коюлган.

Товардын жалпы наркы 1 млн 406 миң 315 сомду түзгөн, бир граммдын баасы 3 миң 100 сомду түздү.

Бул факт Кылмыштардын бирдиктүү реестринин автоматташтырылган системасынын Маалыматты каттоо журналына катталган. Материалдар Кыргыз Республикасынын Транспорттук прокуратурасынын ведомстволук караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий