• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Сокулук районунда мыйзамсыз жер сатууга шектүү аял кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.12.21. /Кабар/. Сокулук районунда мыйзамсыз жер сатууга шектүү аял кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 9-мартында Сокулук РИИБине Токмок шаарынын О.Т. аттуу жашоочусу арыз менен кайрылып, чала тааныш аял Сокулук районунун Новопавловка айылынын 520-контурундагы 0,85 гектар жер тилкесин мыйзамсыз сатып жибергенин билдирген.

Аталган факты бирдиктүү реестрге КР Кылмыш-жаза кодексинин 212-беренси (Бөтөн жер участогун өзүм билемдик менен ээлеп алуу жана максаттуу багытын бузуу менен айыл чарба багытындагы жерлерге өзүм билемдик менен курулуш куруу) боюнча катталып сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Сокулук РИИБнин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип 1963-жылы туулган Ш.М. аттуу аял кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда кармалган аялдын дагы башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери улантылууда.

Сотко чейин өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий