• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Кыргызстанга дары-дармекти мыйзамсыз ташып кирүү аракетине бөгөт коюлду

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.10.24. /Кабар/. Кыргызстанга дары-дармекти мыйзамсыз ташып кирүү аракетине бөгөт коюлду.

Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, "Ош" эл аралык аэропортундагы рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө жалпы суммасы 800 миң сомду түзгөн тиешелүү документтери жана тастыктамалары жок дары-дармектер аныкталган.

Азыркы учурда продукция тартып алынып, андан ары КР мыйзамдарына ылайык чара көрүү үчүн компетенттүү органдарга өткөрүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий