• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстанга ШКУ жана ТМУга мүчө өлкөлөрдүн башкы прокурорлору келди

Коом 0

Бишкек, 24.07.24. /Кабар/. Кыргызстанга Шанхай кызматташтык уюмуна жана Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башкы прокурорлору келди.

Эскерте кетсек, эртең, 25-июлда Бишкекте ШКУнун башкы прокурорлорунун XXII жыйыны жана ТМУга мүчө өлкөлөрдүн башкы прокурорлорунун III жыйыны өтөт.

Аталган иш-чаралардын алкагында Кыргызстандын башкы прокурору бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт:

  • ТМУнун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев менен;
  • ШКУнун башкы прокурорунун орун басары Джанеш Кейн жана уюмдун катчылыгынын эксперттери менен;
  • Кытайдын башкы прокурору Ин Юн менен;
  • Түркиянын башкы прокурору Мехмет Шентюрк менен;
  • Азербайжандын башкы прокурору Камран Алиев менен;
  • Россиянын башкы прокурору Игор Краснов менен;
  • Казакстандын башкы прокурору Берик Асылов менен;
  • Беларустун башкы прокурору Андрей Швед менен.

Пикир

Оставить комментарий