• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

“Кыргызтемирмык”: Жакында бурама мыктар чыгарылат

Коом 0


Быйыл Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата 100 ишкана ачылары күтүлүүдө. Аталган иш-чарага утурлай “Кабар” агенттиги өлкө аймагындагы өндүрүшү жанданган ишканалар менен тааныштырат. Бул жолку чыгарылышыбызда “Кыргызтемирмык” ишканасы тууралуу айтып беребиз .

“Кыргызтемирмык” ишканасы “Кыргызиндустрия” ААКтын алдында 2022-жылдын сентябрь айында түзүлүп, 2023-жылдан тарта ишин жанданткан. Ишканада кадимки мыктар, шуруптар, ширетилген 3D тор панелдери жана башка ушул сыяктуу темир шаймандар чыгарылат. Эми жакын арада бурама мыктарды чыгаруу мерчемделүүдө. Азыркы тапта бул жерде 15ке жакын жумушчу эмгектенет. Алар үчүн жатакана, жуунучу бөлмөлөр даярдалып, толук шарт түзүлүүдө. “Кыргызтемирмык” ишканасы өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө өбөлгө түзчү өндүрүш ишканалардын бири болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий