• 87.91
  • 95.39
  • 0.99

Бексултан Жакиевдин жубайы Сабира Турсункулованын сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат

Коом 0

Бишкек, 28.04.21. /Кабар/. Кыргыз маданияты оор жоготууга учурады.

2021-жылдын 27-апрелинде 84 жаш курагында Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин ардагери Сабира Турсункулова дүйнөдөн кайтты.

Сабира Турсункулова 1937-жылдын 10-мартында Талас облусунун Талас районуна караштуу Көк-Ой айылында туулган.

1956-1961-жылдары Кыргыз Мамлекеттик университетинин Экономика факультетинин аяктаган.

Эмгек жолун 1961-жылы Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинде экономикалык пландоо бөлүмүндө экономист, жетектөөчү адис катары баштап, 2016-жылга чейин бир кызматта үзүрлүү эмгектенип, ардактуу эс алууга чыккан.

Ал өз ишинин мыкты адиси эле. Өмүрүнүн 55 жылын Маданият министрлигинде иштеп, өзүнүн артында мыкты адистерди даярдап кетти. Анын ишмердик касиети, адамдык сапаты бийик жана үлгү ала турчу инсан болчу.

Ишке берилип жасаган аракеттери дайыма жаш адистерге кылган мамилеси, тыкандыгы менен кесиптештеринен айырмаланып турчу. Маданият тармагынын каржы маселелерин чечүүдө Сабира Турсункулованын мыкты кесипкөй экендигин далилдеп тураар эле.

Мамлекет алдындагы эмгеги жогору бааланып, 1981-жылы "Эмгек ардагери" медалы, 1995-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы, 2002-жылы Финансы-экономикалык кызматынын отличниги, ал эми 2006-жылы "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер" ардактуу наамы ыйгарылган.

Эсил инсан Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Бексултан Жакиев менен 65 жыл бактылуу өмүр кечирип, татыктуу уул кыздарды тарбиялап, улуу инсандын жан шериги болду.

Сабира Турсункулованын адамдык бийик парасаты, жаркын элеси кесиптештеринин жүрөгүндө бекем сакталат .

Маркумдун балдарына, бир туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

Маркум менен коштошуу бүгүн, 28-апрелде саат 09.00дө Токтогул жана Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйүндө болот. Маркумдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.

К. О. Иманалиев, Б. Ш. Секимов, С. А. Аманова, И. А. Балташев, К. К. Шабданбаев, М. А. Бектеналиев, С. С. Сарногоева, М. А. Бегалиев, К. Ы. Турапов, А. А. Акматалиев, К. А. Осмонов, Ж. О. Кулмамбетов, Т. Усубалиев, Ж. К. Бакашева, К. М. Алмакүчүков, М. М. Чотонов, Г. Р. Черикбаева, А. Ж. Султанбаева, Н. К. Жолдошев, Ж. Б. Курмангалиев ж. б.

Пикир

Оставить комментарий