Кыргызстан менен Өзбекстандын футбол курамалары Дубайда контролдук беттеш өткөрөт

Спорт 0

Бишкек, 25.12.23. /Кабар/. Кыргызстан менен Өзбекстандын футбол курама командалары бүгүн, 25-декабрда Дубайда контролдук беттеш өткөрөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.

Беттеш машыгуулар алкагында өтүп, анда оюнчуларды алмаштыруу мүмкүнчүлүгү чектелбейт.

"Эки команда тең 2023-жылкы Азия Кубогуна даярданып жаткандыктан, беттеш түз эфирсиз жана көрүүчүлөр жок жабык форматта орун алат", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Азия Кубогу-2023 2024-жылдын 12-январынан 10-февралына чейин Катарда өтөт. Кыргыз курама командасы F тайпасында Оман, Сауд Аравия жана Таиланд курамалары менен ойнойт.

Алдыда боло турган Азия чемпионатына катышуу улуттук кураманын тарыхында экинчи болуп калмакчы. Футболчулардын астында Азия Кубогуна жана 2026-жылы өтө турган дүйнөлүк чемпионатка жолдомо алууга күрөштү улантуу үчүн Азиянын 18 мыкты командасынын бири болуу милдети турат.

Пикир

Оставить комментарий