• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте жаңы ордо аянтчасы ачылды

Спорт 0

Бишкек, 29.11.18. /Нуржигит Бейшебаев – Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарында Улуттук спорт түрлөрү боюнча дирекциясы жана “Ордо оюну” спорт федерациясы тарабынан жаңы ордо аянтчасы ачылды. Аянтча Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинде жайгашкан. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Ордо аянтчасынын ачылышына Улуттук спорт түрлөрү боюнча дирекциянын директору Токсонбай Асанов, “Ордо оюну” спорт федерациясынын президенти Таалайбек Айталиев, Улуттук университеттин ректору Канат Садыков, спортчулар жана коноктор катышкан.

Белгилей кетсек, оюн аянтчасынын ачылышын утурлай ордо оюну боюнча президенттин Кубогу башталды.

Мелдешке Ош, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Талас облустарынан жана Бишкек шаарынан 72 спортчу катышууда. Жарыштын жеңүүчүлөрү 30-ноябрда аныкталат.

Мелдешти өткөрүүгө аталган дирекциянын бюджетинен 17 миң 345 сом бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий