• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жарым коргоочу Магамед Узденов «Абдыш-Атага» кайтып келди

Спорт 0

Бишкек, 31.07.23. /Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын жарым коргоочусу карьерасын Кыргыз премьер-лигасында (КПЛ) ойноп жаткан «Абдыш-Ата» (Кант) футболдук клубунда улантат. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.

Магамед улуттук курама командада 2023-жылдын 25-мартында Мьянма менен болгон беттеште дебют жасап, анда 2 беттеш өткөргөн.

2023-жылдын өтүп жаткан сезонунда Узденов «Алга» ФК үчүн 11 беттеш өткөрүп, 1 гол киргизип, 2 голдук пас берген.

елгилей кетсек, «Абдыш-Ата» КПЛ 2022 сезонунда Кыргызстандын чемпиону аталып, 6 жолу тең чыгып жана 3 жеңилүү ызасын тартуу менен 1-орунду ээлеген. Учурда «Абдыш-Ата» турнирдик таблицада 1-орунда турат.

Эске салсак, «Абдыш-Ата» август айында өтө турган АФК-2023 Кубогуна даярданып жатат.

Пикир

Оставить комментарий