• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Кышка даярдык. Токтогул ГЭС – Датка аба чубалгысында оңдоо иштери аяктоодо

Коом 0

Бишкек, 24.08.23. /Кабар/. Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын жогорку аба чубалгысын тейлөө кызматы Ноокен районунун Сере ашуусу аркылуу өткөн Токтогул ГЭС - Датка аба чубалгысында оңдоо иштерин аяктоо алдында турат.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, план боюнча ремонттук иштер 2023-жылдын 26-августунда толук аяктайт.

"Жумушчу топ 6 күндө 87-120 мамычалар аралыгындагы өйкөлгөн тетиктерди алмаштырып, бошоп калган зымдарды тартып чыгышты", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, бул мамычалар 1974-жылы орнотулуп, колдонууга берилген. Андан бери жыл сайын ондоп-түзөөдөн өткөрүлүп, өз кызматын аткарып келет. Алардын жалпы саны 252ни түзөт.

Жогорку чыңалуудагы ТГЭС-Датка аба чубалгысы өлкөнүн түндүк калаасын, Ош, Жалал-Абад облустарын электр жарыгы менен камсыздайт. 80 чакырымды түзгөн ТГЭС-Датка 500кв аба чубалгысы жалпысынан күз-кыш мезгилине даяр десек болот.

Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын жана Кара- Көл РЭТинен келген 2 түзүм өз жумуштарына берилгендик менен иш алып барууда. Алардын максаты кыштан кыйналбай чыгуу, калкты электр жарыгы менен үзгүлтүксүз камсыздоо.

Пикир

Оставить комментарий