• 87
  • 89.63
  • 0.85

Кышкы эс алуу. "Жыргалаң" санаторийинин шарттары жана баалары

Коом 0

Бишкек, 10.12.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Кыш келип, эми жаратылыш койнунда ден соолукту чыңдап, эс алуу үчүн ыңгайлуу жерлерди издеп жаткандар жок эмес. Көпчүлүк үй-бүлөсү жана жакындары менен Кыргызстандагы ден соолукту чыңдоочу курорт-санаторийлерге жана эс алуу жайларга барууну жактырышат. Бул ирет "Кабар" агенттиги окурмандарды жайы-кышы дебей эс алуучуларды кабыл ала турган "Жыргалаң" санаторийи менен тааныштырат.

"Жыргалаң" санаторийи Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жайгашкан. Каракол шаарынан 11 чакырымдай, Балыкчыдан 200, Бишкектен 386 чакырым алыстыкта жайгашкан. Санаторийде эс алууну каалагандар Караколго каттаган автобус, таксилер менен жетип алса болот. Бир кишинин жол киреси Бишкектен такси менен 1000 сом, автобус менен жетсеңиз 550 сом, маршруттук таксиге олтурсаңыз 600 сом төлөйсүз (баалар жыл мезгилине жараша өзгөрүшү мүмкүн). Ошондой эле жакынкы күндөрү Аsman Airlines авиакомпаниясынын Бишкектен Караколго түз аба каттамы ачылганы турат. Билеттин баасы болжол менен 2000 сом. Учуунун узактыгы 35 мүнөт.

"Жыргалаң" санаторийи 322 орунга ылайыкталган. Анда 74 коттедж, 4 корпус, 6 бассейн жана ашкана бар.

Бир кишиге күнүгө төлөнө турган баалар:

  • "Стандарт" — 1500 сом;
  • “Комфорт” (1 бөлмөлүү) – 1500 сом;
  • "Люкс" (1 бөлмөлүү) — 2000 сом;
  • Апартаменттер (2 бөлмөлүү) — 2500 сом;
  • “Люкс коттедж” (1 бөлмөлүү) – 2000 сом.

Бул баалардын ичине үч маал тамагы, минералдык ванналары, баткак менен дарылоо, дарылоо үчүн колдонулуучу дене тарбия көнүгүүлөрү кирет. Укалоого барам десеңиз, ага өзүнчө төлөйсүз.

Бассейндин баасы 3 жашка чейинки балдарга акысыз, 12 жашка чейин – 185 сом, чондорго – 385 сом. Санаторийдин эс алуучулары үчүн бассейнге 50% жеңилдик берилет. 2 бассейн балдарга, 4 бассейн чоңдорго ылайыкталган.

Дарылык касиети бар минералдык суусунун температурасы +38..+43 градуска жетет. Санаторийдеги суу, баткактар сөөк, нерв, тери, гинекологиялык ооруларга жардам берет.

Санаторийдин айланасы сейилдөөгө абдан ыңгайлуу. Эс алуучулар бош убактысын өткөрүү үчүн китепкана иштейт. Балдар үчүн оюн аянтчалары да бар.

Байланыш номерлери: 0503 02 02 29

Пикир

Оставить комментарий