• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

"Кытай – Евразия ЭКСПО" көргөзмөсүндө Кыргызстандын улуттук павильону ачылды

Экономика 0

Бишкек, 26.06.24. /Кабар/. Жыл сайын өтүүчү "Кытай – Евразия ЭКСПО" көргөзмөсүндө Кыргызстандын улуттук павильону ачылды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара Кытайдын Синьзян-Уйгур автономдук аймагындагы Үрүмчү шаарында өтүүдө.

КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайга болгон иш сапарынын алкагында аталган иш-чарага катышты.

Ошондой эле Кыргызстандын улуттук павильонуна Өзбекстан жана Казакстандын өкмөт башчылары дагы барды.

"Павильондо продукциянын 110дон ашык туру коюлган. Ал эми көргөзмөгө 70тен ашык ата мекендик өндүрүшчүлөр катышты", - деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын бул көргөзмөгө катышуусунун негизги максаты - кыргыз товарларын Кытай рыногуна жылдыруу.

Пикир

Оставить комментарий