"Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан" темир жол долбоорун илгерилетүү жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Президент 0

Бишкек, 27.06.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров «2024-жылдын 6-июнунда Пекин шаарында кол коюлган Кытай Эл Республикасынын өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин жана Өзбекстан Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы "Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан" темир жол долбоорун биргелешип илгерилетүүдө кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» КР мыйзамына кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2024-жылдын 19-июнунда кабыл алынган.

Бул мыйзамдын максаты 2024-жылдын 6-июнунда Пекин шаарында кол коюлган Кытай Эл Республикасынын өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин жана Өзбекстан Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жол долбоорун биргелешип илгерилетүүдө кызматташуу жөнүндө макулдашуунун (мындан ары – Макулдашуу) күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду жүзөгө ашыруу болуп саналат.

Мыйзам "Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан" темир жолун куруу долбоорун практикалык ишке ашырууну баштоого мүмкүндүк берет.

Бул долбоорду ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүүдө олуттуу көмөк көрсөтөт.

Жаңы темир жол коридору Евразия континенталдык көпүрөсүнүн түштүк бутагына айланат жана Түштүк-Чыгыш, Батыш Азия жана жакынкы Чыгыштын рынокторуна жол ачат, анын ичинде, Түркияга жана андан ары Евробиримдикке жүк жеткирүүнү камсыздай алат.

Долбоор эл аралык рынокто жүктөрдү жеткирүүдө аралыкты жана убакытты кыскартуунун эсебинен транзиттик ташуулардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууну камсыз кылат.

Пикир

Оставить комментарий