• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу аркылуу жылына транзиттен дээрлик $200 млн түшөт – эксперт

Экономика 0

Бишкек, 19.06.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу аркылуу жылына транзиттен 160-200 млн доллар түшөт. Бул тууралуу экономика боюнча серепчи Эркин Абдразаков “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолун куруу долбоору ишке ашса, транзиттик ташууларга удаа эле өлкөнүн экспорттук дарамети артат.

“Темир жолдун 300 чакырымдан ашыгы Кыргызстан аркылуу түздөн-түз Өзбекстандын аймагына өтөт. Биздин мамлекет аркылуу транзит менен бир жылда өткөн жүктөрдөн эле 200 млн доллар табылат деген эсептөөлөр бар. Ошондой эле экспортту жана жүргүнчүлөрдү ташууну кошо келгенде көп каражаттар түшөт. Темир жол курулса Инди жана Тынч океандарындагы ири портторго жана өнөр жай борборлоруна чыгууга болот. Мындан улам бул темир жол эң маанилүү стратегиялык жолго айланат деп эсептейм”, - деди Абдразаков.

Экономист белгилегендей, темир жол коопсуз транспорт каражаты. Жүк ташуучуларга кышы-жайы дебей ыңгайлуу шарттар түзүлөт.

“Биринчиден, темир жол импорт менен экспорттун көрсөткүчтөрүн жогорулата алат. Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү болгон Кытай жана коңшу мамлекет Өзбекстан менен кызматташтыгы бекемделет. Экинчиден, жүргүнчүлөрдү ташуу көбөйүп, бул өз кезегинде поезд менен Кыргызстанга келген туристтердин агымына оң таасирин тийгизет. Темир жол Улуу Жибек Жолунун алкагындагы ири долбоор болуп калат деп айтсак жаңылышпайбыз”.

Белгилей кетсек, бүгүн, 19-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында “2024-жылдын 6-июнунда Пекин шаарында кол коюлган “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол долбоорун биргелешип илгерилетүүдө кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору каралып, үч окууда кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий