• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу бюджетти туруктуу киреше менен камсыздайт – серепчи

Коом 0

Бишкек, 28.08.24. /Кабар/. Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу курулуп, пайдаланууга берилсе мамлекеттин казынасы жылына 100 млн доллардан 200 млн долларга чейинки кирешени камсыз кылуусу күтүлүүдө. Бул тууралуу саясат таануучу жана Дүйнөлүк саясат институтунун директору Шерадил Бактыгулов "Кабар" агенттигине билдирди.

Анын айтымында, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу дүйнөдөгү жүк ташуучу ири коридорлордун бир бөлүгүнө айланып, Азия жана Европадагы керектөөчүлөргө жүктөрдү жана товарларды жеткирүү убактысын тездетет.

"Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун курууда өлкөнүн бардык каржылык көйгөйлөрү чечелбесе дагы, ал туруктуу кирешени камсыз кылат жана башка булактар менен бирдикте бюджеттин киреше бөлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт. Кыргызстандын бул багыттагы транспорттук системасын мындан ары өнүктүрүүгө түрткү берип, жаңы жумуш орундарын түзүү менен катар өлкө экономикасынын өсүшүн камсыз кылуу үчүн чоң стимул боло алат.

Ошондой эле темир жол Борбордук Азия өлкөлөрүнүн транзиттик потенциалын ачуу милдетин аткармакчы. Анткени, жыл сайын чек ара өткөрүү пункттары жана коридорлор аркылуу өткөн жүктөрдүн көлөмү өсүүдө. Эми жаңы темир жол башка коридорлордогу жүк өткөрүүнү кандайдыр бир деңгээлде жеңилдетүү менен өлкө үчүн чоң пайда алып келмекчи.

Аталган темир жолдун курулушун мамлекеттин, президенттин акыркы үч жылдагы ишмердүүлүгүнүн жемиши катары баа лоого болот. Президент бул ишти колдоо менен керектүү тапшырмаларды өз учурунда берип, көзөмөлгө алууда. Учурда бул багытта Кыргызстан тараптан алгылыктуу иштер жүргүзүлүүдө”, - деди Бактыгулов.

Белгилей кетсек, жакында Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча мекемелер аралык комиссиянын биринчи жыйыны өтүп, анда министрлер кабинети менен Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жол компаниясынын ортосундагы инвестициялык макулдашуу каралган эле.

Пикир

Оставить комментарий