• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

18-сентябрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 17.09.23./Кабар/. 18-сентябрда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолорунда жамгыр жаайт, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, күндүз Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 22…27, Талас облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 21…26, Ысык-Көлдө түнкүсүн 7...12, күндүз 17...22 жана Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 20…25 градус болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын табы ​түнкүсүн 12…17, күндүз 24…29 градус жылуу болот.

Борбор калаабыз Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жамгыр жаашы ыктыиал. Термометрдин көрсөткүчү түнкүсүн 11…13, күндүз 24…26 градуска жетет.

Пикир

Оставить комментарий