• 87
  • 90.59
  • 0.86

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу Кыргызстандын эл аралык аренадагы позициясын бекемдейт – Шаршеев

Экономика 0

Бишкек, 27.12.24. /Диана Айдарова - Кабар/. "Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан" темир жол долбоору Кыргызстандын өнүгүүсүнө жана эл аралык аренадагы позициясын бекемдөөгө өбөлгө түзөт. Бул тууралуу экономист Искендер Шаршеев "Кабар" агенттигине билдирди.

Эскперттин айтымында, бул темир жол долбоору ишке кирсе, Кытайды Борбор Азия аркылуу Түркия жана Европага туташтырып, Кыргызстанды маанилүү транзиттик өлкөгө айлантат. Жүктөрдү ташуу убактысын жана чыгымдарды кыскартып, өлкө бюджетине кошумча кирешелер түшөт. Ошондой эле кыргызстандык өндүрүүчүлөр үчүн жаңы рынокторго чыгуу мүмкүнчүлүгү ачылып, экспорттук потенциал жогорулайт. Бул жергиликтүү өндүрүштүн жана ишкердиктин өнүгүшүнө түрткү берет. Темир жолдун курулушу менен бирге жаңы жолдор, кампалар жана башка инфраструктуралык объектилер пайда болуп, жалпы экономиканын өнүгүүсүнө өбөлгө түзүлөт.

"Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан" темир жол долбоору социалдык жактан дагы пайдасы зор. Курулуш жана андан кийинки эксплуатация мезгилинде миңдеген жумуш орундар түзүлүп, калктын иш менен камсыз болуусу жакшырат. Темир жолдун өтүүчү аймактарында экономикалык активдүүлүк өсүп, жергиликтүү жамааттардын жашоо деңгээли жогорулайт. Ошондой эле геосаясий багытта да бул долбоордун мааниси чоң. Жаңы темир жол Кыргызстанды транспорттук туңгуюктан чыгарып, альтернативдүү маршруттарды камсыз кылат. Бул өлкөнүн геосаясий позициясын бекемдейт. Долбоор Кытай, Кыргызстан жана Өзбекстандын ортосундагы кызматташтыкты чыңдап, аймактык интеграцияга өбөлгө түзөт", - деп белгиледи эксперт.

Ошондой эле ал бул долбоор ийгиликтүү аткарылса, логистика жактан тобокелдиктерди азайткан эл аралык соодага тирек болот деп кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий