Бишкек, 27.12.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун экономикалык потенциалы жогору. Бул тууралуу саясат таануучу Бакыт Бакетаев “Кабар” агенттигине билдирди.
Анын айтымында, темир жол салынса, аны бойлой ишканалар, завод-фабрикалар жайгашып, алардын саны өсө берет. Бул экономика тармагына чоң өбөлгөлөрдү түзөт.
“Темир жол каттамында өтө көп потенциал, биз билбеген мүмкүнчүлүктөр ачылат деп ойлойм. Канча жылдардан бери талкууланып келген долбоорду мына эми гана жүзөгө ашыруу иштери башталып жатат. Бул темир жол Өзбекстан менен Кыргызстан үчүн абдан керек. Жол тармагында деңиз аркылуу өтүүчү каттамдар эң арзан болуп эсептелинип, биринчи орунда турат. Экинчи орунда темир жол бар. Ал эми унаа жолу бул жүк ташууларда убакытты жана каражатты көп талап кылат. Мындан улам темир жол аралыкты кыскартып, жүк ташууга кеткен чыгымдардын көлөмүн азайтат. Ошондуктан биздин өлкө үчүн темир жол экономиканы алдыга жылдырууга, ишкерлердин ишин илгерилетүүгө чоң өбөлгө түзөт”, - деди ал.
Белгилей кетсек, бүгүн президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Жалал-Абад шаарынын Төш-Кутчу айылында “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушунун башталышына старт берилди. Буга чейин 2024-жылдын 6-июнунда Кытай, Кыргызстан жана Өзбекстан өкмөттөрү Темир жол куруу долбоорун биргелешип илгерилетүү жөнүндө макулдашууга кол койгон. Ошону менен бирге долбоорду натыйжалуу ишке ашырууну камсыз кылуучу биргелешкен ишкана түзүлгөн.
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу – бул жөн гана транспорттук коридор эмес, бул – Чыгыш менен Батыш өлкөлөрүн байланыштыра турган маанилүү стратегиялык көпүрө болуп саналары айтылууда. Жаңы темир жол коридору Кытайдан Кыргызстанга, ошондой эле Борбор Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө, анын ичинде Түркияга жана андан ары Евробиримдикке жүк жеткирүүнү камсыздоого шарттарды түзөрү белгиленүүдө.
Пикир
Оставить комментарий