• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Кыргызстанда баалар кескин көтөрүлбөйт – Экономика министрлиги

Экономика 0

Бишкек, 23.03.22. /Кабар/. Кыргызстанда баалар кескин көтөрүлбөйт. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйынында КР экономика жана коммерция министринин орун басары Элдар Алишеров билдирди.

Анын айтымында, учурда азык-түлүк, күйүүчү-майлоочу майдын баалары өсүп жатат жана мындан ары дагы өсө бермекчи. Бирок министрдин орун басары кескин өзгөрүүнү четке какты.

“Кескин өзгөрүү стихиялуу болбойт, башкача айтканда, баалар 50%га кескин көтөрүлбөйт. Импорттук инфляция болбошу үчүн биз товарларды кыйла чектелген баада жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз”, - деди ал.

Ал ошондой эле антпесе жөнгө салуу саясаты колдонулуп, алып-сатарлык менен активдүү күрөш жүргүзүлөрүн белгиледи.

“Мындай тажрыйба бизде бар, мындай абалдан 2020-жылы өткөнбүз. Бирок азырынча баалардын спекуляциялык өсүүсүн байкай элекпиз”, - деп кошумчалады Алишеров.

Пикир

Оставить комментарий