Ташкент, 07.12.24. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун ушул айда баштоо пландалып жатат. Бул тууралуу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдун телефон аркылуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктоо учурунда маалым болду, деп билдирди Өзбекстан президентинин маалымат кызматы.
Шавкат Мирзиёев Кыргызстандын лидерине чын жүрөктөн бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана өлкөнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүн, боордош кыргыз элинин бакубаттуулугун жана гүлдөп-өнүгүшүн камсыз кылууга багытталган масштабдуу реформаларды ишке ашырууда албан ийгиликтерди каалады.
Сүйлөшүү учурунда өзбек-кыргыз достук, ынак коңшулук жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин мындан ары кеңейтүүнүн жана чыңдоонун актуалдуу маселелери талкууланды.
Келишимдерди иш жүзүндө жогорку деңгээлде ишке ашырууга, айрыкча энергетика жана транспорт тармагындагы ири аймактык инфраструктуралык долбоорлорду тездетүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Эскерте кетсек, жыл башынан бери мамлекеттер ортосундагы соода жүгүртүү 700 млн доллардан ашты.
Пикир
Оставить комментарий