Бишкек, 21.01.25. /Чолпон Жумалиева – Кабар/. Мамлекет башчысы тарабынан старт берилген Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу иштери Жалал-Абад облусунда туннелди куруу менен башталат. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары Дастан Усубакунов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, темир жолду куруу иштери суук аба ырайына байланыштуу жаздын келиши менен март айынан тарта башталат.
“Келечекте Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу үч мамлекетти темир жол аркылуу байланыштырат. Кытайдан чыккан жүктөр Кыргызстан, Өзбекстан аркылуу өтүп Түркмөнстан менен Иранга барат. Каспий деңизи аркылуу Азербайжан, Грузия, Түркия, андан тышкары, Европа мамлекеттерине жол ачылат. Маршруттун жалпы узундугу 523 чакырымды түзөт. Бул Кытайдын Кашкарынан баштап Торугартка чейинки аралык, ал эми Торугарттан баштап ички маршрут 305 чакырымды түзөт. Бул Торугарт – Арпа – Макмал, андан кийин Жалал-Абад аркылуу Өзбекстанга өтөт. Бул маршруттун потенциалы өтө чоң, анткени жалаң эле транзиттик жүк ташуулар эмес Кыргызстанга керектүү ички каттамдар аткарылып, жүктөр ташылат. Негизи 2030-жылга чейин техникалык-экономикалык негиздеме бар, ошонун негизинде 2030-жылы темир жолдун курулушу бүтүп, ачылышына баарыбыз күбө болобуз деген тилек бар”,- деди Дастан Усубакунов.
Эскерте кетсек, 2024-жылдын 27-декабрында стратегиялык долбоор болгон Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушуна президент Садыр Жапаров старт берген.
Пикир
Оставить комментарий