• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Кытай Кыргызстандан жогорку сапаттагы алчаны импорттоого кызыкдар

Экономика 0

Бишкек, 16.12.24. /Кабар/. Кытайда жогорку сапаттагы жаңы мөмөлөргө, анын ичинде алчага (черешняга) болгон суроо-талап өстү. Бул тууралуу алчанын негизги жеткирүүчүлөрү менен Кытайдын Guangzhou Jiangnan Food Supply Chain Co., Ltd. компаниясынын ортосундагы онлайн жолугушуу учурунда белгилүү болду.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, жолугушууга аймактардан алчанын жеткирүүчүлөрү катышып, өздөрүнүн сапаттуу сортторун (кокон гилас, бука көз жана башка), өндүрүш көлөмдөрүн жана мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүштү.

Кытайлык компаниянын өкүлдөрү жогорку сапаттагы жаңы мөмөлөргө, анын ичинде алчага (черешняга) болгон суроо-талаптын өсүшү тууралуу маалымат беришти. Мындай өсүш орто класстын кеңейиши жана ден соолукка пайдалуу азыктарга болгон кызыгуунун жогорулоосуна байланыштуу экени айтылды.

Эки тарап тең Кытайга гилас экспортунун келечегин белгилешти. Кытайда гиласка суроо-талап тынымсыз өсүп, керектөөчүлөр импорттук жогорку сапаттагы жемиштерге көбүрөөк көңүл бурушат. Ошондой эле Кытай тараптын айтымында, Кыргызстанда алча бышуучу мезгили (май-октябрь айлары) Кытайдын бул азыктарга болгон суроо-талабын толуктайт.

Кытайга гилас экспорттоодо логистика жана чынжыр талаптары талкууланды. Кытай компаниясы өнүккөн бөлүштүрүү тармагынын жана тез бузулуучу товарларды башкаруу боюнча тажрыйбанын бар экендигин баса белгиледи, бул продукциянын натыйжалуу жана ишенимдүү жеткирилишин камсыз кылаарын жана 2025-жылдын жаны сезонунда тесттик негизде баштоону сунуштады.

Эки тарап тең сүйлөшүүлөрдү улантууга кызыкдар экендиктерин билдиришти. Экспортерлор Guangzhou Jiangnan Food Supply Chain Co., Ltd продуктунун деталдуу каталогдору, баалары жана мүмкүн болгон көлөмү, ал эми импорттоочу варианттарды баалоого жана сыноо жеткирүүлөрүн даярдай баштарын билдиришти.

Бул онлайн жолугушуу кытай рыногуна ийгиликтүү кирүү жана премиум сорттогу гиласка өсүп жаткан суроо-талапты канааттандыруу үчүн алча экспортточулар менен Гуанчжоу Цзяннан Тамак-аш камсыздоо Chain Co., Ltd. ортосунда узак мөөнөттүү ишкердик мамилелерди түзүү үчүн маанилүү кадам болду.

Пикир

Оставить комментарий