• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Коронавируска каршы күрөшүү үчүн ачылган эсепке 5 млн сомдон ашык каражат түштү

Экономика 0

Бишкек, 22.03.20. /Кабар/. Коронавирус илдетине каршы күрөшүү үчүн ачылган эсепке 5 млн 294 миӊ 358 сом түштү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, эсеп жеке жана юридикалык жактардан түшкөн ыктыярдуу төгүмдөрдү жана кайтарымсыз акча каражаттарын чегерүү максатында ачылган.

Эске сала кетсек, учурда республика боюнча жалпы COVID-2019 илдетин жугузгандардын саны 14 (6 эркек, 8 аял): -Баткен облусу – 1 адам, Сузак району – 8 адам, Ноокат району – 3 адам жана Бишкек шаарында – 2 адам.

Бейтаптардын жаш курактары 25 жаштан 80 жашка чейинкилер, бардыгы тиешелүү дарылануудан өтүүдө. Бейтаптар менен байланышта болгондордун саны – 2 миң 628 адам.

Пикир

Оставить комментарий