Кытай Кыргызстандын экологиялык жактан таза азыктарын экспорттоого кызыкдар

Экономика 0

Бишкек, 26.04.24. /Кабар/. Кытай тарап Кыргызстандын экологиялык жактан таза азыктарын өзүнүн шаарларына жеткирүүгө кызыкдар. Мындай мүмкүнчүлүк кытайлык делегация менен болгон жолугушууда талкуулангандыгын КР Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Айыл чарба тармагындагы атайын делегация өкүлдөрү менен КР СӨПтүн вице-президенти Авазбек Керимбаев жолугушуу өткөргөн.

Тараптар айыл чарба тармагындагы кызматташуунун келечеги, Кыргызстанда логистикалык борборлорду түзүү жана жүк агымын уюштуруу маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле Кыргызстанда жүк агымын оптималдаштырууга жана эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүүгө өбөлгө түзгөн логистикалык борборлорду түзүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.

Пикир

Оставить комментарий