• 87.4
  • 95.11
  • 1.02

Кытай мамлекетинин гуманитардык жардамы Баткен облусуна да жеткирилди

Аймак 0

Бишкек, 23.04.20. /Кабар/. Кытай мамлекетинен Ош облусуна келип түшкөн гуманитардык жардамдын бир бөлүгү Баткен облусуна берилди. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, гуманитардык жардамдын ичинде 50 термометр, 3 000 колкап, 10 000 беткап, 2 000 экспресс-тест, 2 даана өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппарат, 5 даана дезинфекциялоочу аппараты бар.

Пикир

Оставить комментарий