• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ысык-Көлдө Ташкенттен учуп келген учакты суу аркасы менен тосуп алышты

Аймак 0

Бишкек, 21.07.23. /Кабар/. Бүгүн «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда Ташкенттен келген алгачкы каттам салтанаттуу түрдө тосуп алынды. Салтка ылайык, учакты суу аркасы жана салттуу боорсок менен тосуп алышты.

«Манас» эл аралык аэропортунан билдиришкендей, Өзбекстандын жаңы Centrum Air авиакомпаниясы Ташкент-Ысык-Көл-Ташкент багыты боюнча жумасына бир жолу – жума күндөрү учууну максат кылууда.

Ташкенттен биринчи каттам менен 177 жүргүнчү учуп келди, ал эми Ысык-Көлдөн 44 жүргүнчү Өзбекстандын борборуна сапар тартышты.

«МЭА» ААК аталган багытка байланыштуу жана билеттер боюнча суроолор болсо авиакомпанияга түз кайрылууну сунуштайт.

Пикир

Оставить комментарий