• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Токмок шаарында авариялык абалдагы электр мамылары алмаштырылууда

Аймак 0

Бишкек, 10.10.23. /Кабар/. Учурда Токмок РЭТинин электр куроочулары тарабынан авариялык өчүрүүлөрдү алдын алуу боюнча иштер жүрүп жатат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда Токмок шаарындагы авариялык абалдагы мамылар темир бетон мамыларга алмашылууда. Быйылкы жылга авариялык абалдагы 150 даана электр мамыны алмаштыруу пландалган.

"Бүгүнкү күндө 140 даанасы алмашылып бүттү. Калган 10 даана электр мамысы октябрь айынын аягына чейин алмашылат. Бул иштер керектөөчүлөрдү сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий