• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Чүй районунда түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 03.03.22. /Кабар/. Чүй районунда түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Чүй райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында жолугушуу болуп, анда президенттин «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгын элге жеткирүү иштери жүргүзүлдү.

Аталган иш-чарага Чүй райондук милекеттик администрация башчысы Жыргалбек Шакиев, РИИБдин жетекчиси Эрлан Исмаилов, айыл аймак башчылары, имамдар, айыл башчылары жана жергиликтүү аксакалдар катышты.

Жолугушууда эл арасындагы маркумду акыркы сапарга узатуу жана үй-бүлөлүк салтанаттарда ысырапкерчиликти кыскартууга багытталган жарлыктын мааниси жыйындын катышуучуларына жеткирилди.

"Мүмкүнчүлүгү бары да, жогу да маркумду акыркы сапарга узатууда көп чыгымдарга учурап, колунда жок үй-бүлөлөр көпчүлүк маалда карыз болуп, аны төлөө үчүн бир топ убара тарткан учурлары жок эместиги айтылды. Ошондой эле, үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүдө да бири-бирине атаандашуу сыяктуу ысырапкерчиликтерге жол берилип, айрым үй-бүлө мүчөлөрү анын аркасында насыяларды алууга мажбур болушуп, аны төлөө үчүн бир нече жыл иштеп жаткан мисалдар айтылды. Ашыкча чыгымдар дин эрежелерине да каршы келерин имамдар белгилеп өтүштү", - деп айтылат билдирүүдө.

Аталган жарлыкты эл арасында жайылтып, үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүдө жана маркумду акыркы сапарга узатуу иш-чараларын бирдей тартипке келтирүү үчүн биргелешип, иш алып баруу зарыл экендиги белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий