Кытайда V дүйнөлүк медиа саммит башталды

Дүйнө 0

Бишкек, 03.12.23./Кабар/. Бүгүн Гуандун провинциясынын борбору Гуанчжоу шаарында V дүйнөлүк медиа саммитинин (WMS) ачылыш аземи болду. Ага 101 өлкөдөн жана региондордон 450дөн ашык катышуучу, негизги маалымат каражаттарынын, аналитикалык борборлордун, мамлекеттик органдардын, дипломатиялык миссиялардын, БУУнун агенттиктеринин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү чакырылган.

Форумга Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттиги да катышууда.

Аталган иш-чара 8-декабрга чейин уланат.

Медиа саммитти Кытай Эл Республикасынын "Синьхуа" маалымат агенттиги уюштуруп, “Глобалдык ишенимди жогорулатуу, медианы өнүктүрүүгө көмөктөшүү” урааны астында өтүүдө.

Катышуучулар медиа мейкиндигин өнүктүрүүнүн көйгөйлөрүн жана келечегин талкуулашат, ошондой эле ийгиликтүү биргелешкен иш-чаралардын инновациялык ыкмалары жана стратегиялары боюнча иштешет.

Белгилей кетсек, саммиттин алкагында дагы бир нече форумдар өтүп, анда дүйнөлүк маалымат агенттиктеринин алдыңкы эксперттери маалымат каражаттарынын конвергенциясы шартында маалымат таратуу маселеси, интернет доорунда медиа баалуулуктарды сактоо, санариптик жаңылыктарды визуализациялоо, жаңы технологияларды колдонуу жана башка көптөгөн маселелер боюнча талкуу жүргүзүшөт.

Пикир

Оставить комментарий