• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Британиянын тургуну лотереядан уткан 9,7 млн фунт стерлингди коротуп, эми кара жумушка өттү

Дүйнө 0

Бишкек, 12.02.19 /Кабар/. Улуу Британиянын тургуну лотереядан утуп алган 9,7 миллион фунт стерлингдин баарын коротуп (878 млн 952 миң сомдун тегерегинде), үйү жана автоунаасы жок калып, эми кара жумушка өттү. Бул тууралуу The Sun гезити жазды.

Маалыматка ылайык, 2002-жылы 19 жаштагы Майкл Кэрролл (Michael Carroll) лотереядан ири өлчөмдөгү акча утуп алган. Ошол күндөн тартып ал ырахаттанып жашоо образына өткөн.

Кэрролл күнүнө 10 миң фунттан коротконуна мактанып, жаңы алган "Мерседесинин" айнегинен жөө бара жаткандарга гамбургерлерди жана тоок этинен жасалган наггетсттерди ыргытчу.

2012-жылы ал утуп алган каражаттан эчтеке калган эмес.

"Менин миллиондорум 10 жылдын ичинде эле жок болуп кетти, – дейт Майкл Кэрролл. – Менде азыр үй дагы, автоунаа дагы жок. Мен эчтекеге өкүнбөйм, анткени оңой жолу менен келип, оңой эле жок болуп кетти".

Кэрролл иштеп, кайра ак эмгеги менен акча таап баштагандан бери өзүн бактылуу сезип калганын билдирди.

Эми мурунку миллионер Шотландияда жашайт жана капка салынган көмүр менен отун сатып, күнүнө 12 сааттан иштейт.

Пикир

Оставить комментарий