Бишкек, 12.02.19. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу боюнча мыйзам долбоорун колдоду. Бул маалыматты "Кабар" агенттигине депутат Исхак Масалиев ырастады.
Исхак Масалиев белгилегендей, ал мыйзам долбооруна ылайык экс-президенттин кол тийбестигин парламенттин үчтөн биринин жана башкы прокурордун макулдугу менен ажыратуу сунушталууда.
Пикир
Оставить комментарий