• 87
  • 90.55
  • 0.84

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Кырсык 0

Бишкек, 23.02.24. /Кабар/. Бүгүн эртең менен Ысык-Көл облусунун бир катар айылдарында жер титиреди. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.

Жер титирөөнүн очогу Кытайдын аймагында — Бедел айылынан 36 чакырым түштүк-чыгышта, Ыштык айылынан 41 чакырым түштүк-чыгышта, Каракол шаарынан 137 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.

Жердин силкинүүсү Кыргызстандын Бедел айылында 4 балл, Ыштак айылында жана Кумтөр кенинде 3 баллга жеткен.

Пикир

Оставить комментарий