• 86.8
  • 91.36
  • 0.81

Ысык-Көлдө жер титиреди

Кырсык 0

Бишкек, 04.11.24. /Кабар/. Кытайдагы жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди.Бул тууралуу Өзгөчо кырдаалдар министрлиги Сейсмология институтунун маалыматына таянып билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн саат 05:31де Кытайдын аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жердин силкинүүсү Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Бедел айылында 2,5 баллга чейин сезилди.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий