• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Ысык-Көлдүн жээгинен кыздын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 07.09.22. /Кабар/. Тоң районунун Ак-Сай айылында Ысык-Көлдүн жээгинен кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдирди.

Белгиленгендей, болжол менен 25-30 жаштардагы кыздын сөөгүн жергиликтүү жашоочулар табышкан.

Алдын ала маалыматтар, боюнча кыздын денесинде зомбулуктун белгилери жок.

"Маркумдун ким экендиги белгисиз. Милиция анын туугандарын издеп жатат, Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча милицияга көрсөтмө жөнөтүлдү. Учурда кыздын сөөгү райондук оорукананын өлүкканасында. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды, андан кийин өлүмдүн себеби белгилүү болот", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий