Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин вице-премьери Лю Гочжун иш сапары менен Кыргызстанга келди

Өкмөт 0

Бишкек, 17.05.24. /Кабар/. Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин вице-премьери Лю Гочжун иш сапары менен Кыргызстанга келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

“Манас” эл аралык аэропортунан аице-премьер Лю Гочжунду министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев тосуп алды.

Сапардын алкагында эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлүп анда көзөмөл-өткөрүү жайлары, соода жүгүртүү, транспорт, курулуш, тоо-кен, билим берүү тармактарындагы маселелер боюнча кеңири сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт, ошону менен бирге маданий программалар уюштурулат.

Пикир

Оставить комментарий