Кытайлык компания Кыргызстанда күн жана шамал электр станцияларын куруу мүмкүнчүлүгүн карап жатат

Коом 0

Бишкек, 23.10.23. /Кабар/. Бүгүн, 24-октябрда энергетика министри Таалайбек Ибраев жана "Goldwind Science & Technology Co., Ltd" кытайлык компаниянын өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда министрлик менен компаниянын ортосунда стратегиялык кызматташуу боюнча алкактык келишимге жана конфиденциалдуу маалыматтарды ачыкка чыгарбоо келишимине кол коюу маселелери талкууланды.

Жолугушуу 2023-жылдын 24-27-октябрында Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цяндын Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында өттү.

Таалайбек Ибраев Кыргызстандын электр энергиясына болгон потенциялы тууралуу маалымат берип, буга чейинки Кытайга болгон иш сапарында талкууланган маселелерге токтолуп, бүгүнкү күнгө коюлган пландарды ишке ашырууга даяр экенин билдирди.

Ал эми кытай делегаттары Кыргызстан менен кызматташууга кызыктар экенин жана күн-шамалдан электр энергиясын өнүдүрүүчү станцияларды курууга мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирди. Ал үчүн алдын ала экологияга иликтөө иштерин жүргүзүү керектигин, ага бир аз убакыт талап кылынаарын билдиришти. Ошондой эле Кыргызстан менен болгон кызматташтык терендээрин жана долбоорлор ишке ашса, жакшы жыйынтык берээрин баса белгиледи.

Белгиленгендей, эртең Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда энергетика жана көмүр тармагында кызматташуу максатында бир катар документтерге кол коюлат.

Пикир

Оставить комментарий