• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Асель Чынбаева Минскте КМШ Балдар акыйкатчыларынын комиссиясынын жыйынына катышты

Коом 0

Бишкек, 04.11.23. /Кабар/. Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева Минск шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу (омбудсмендеринин) комиссиясынын экинчи отурумунун ишине катышты. Бул тууралуу президенттик администрациясынан билдиришти.

Иш-чарага Армения, Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстандан комиссиянын мүчөлөрү жана КМШнын Экономикалык Сотунун, КМШга катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын жана КМШнын Аткаруу комитетинин өкүлдөрү катышты.

Отурумдун жүрүшүндө 11 маселе, алардын ичинде КМШ өлкөлөрүнүн балдарынын бакубаттуулук индексин иштеп чыгуу, кабыл алуучу мамлекеттин социумуна эмгек мигранттарын интеграциялоону жөнөкөйлөтүүчү чаралар, калыбына келтирүүчү медиация инструменттерин колдонуу аркылуу жашы жете электердин арасында укук бузуулардын алдын алуу жана өсүп келе жаткан муундун укуктарын камсыз кылуу чөйрөсүндөгү башка маанилүү маселелер каралды.

Мындан тышкары, жолугушуунун катышуучулары Комиссиянын 2023-2024-жылдарга карата Иш планын бекитишти, анда 35 иш-чара каралган. Пландын бардык иш-чаралары Комиссияны түзүүнүн негизги максатын - балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону ишке ашырууга багытталган.

Ошону менен бирге Минскте КМШ штаб-квартирасында Асель Чынбаеванын КМШнын Башкы катчысы Сергей Лебедев менен жумуш жолугушуусу жана Россия Федерациясынын Президентине караштуу Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу Мария Львова-Белова менен эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү, сүйлөшүүлөрдүн негизги контексти балалыкты коргоо бүгүнкү күндө ар бир мамлекеттин жана жалпы коомдун турмушундагы эң маанилүү маселелердин бири болуп саналаарына багытталган.

Беларуска болгон жумуш сапарынын алкагында Балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Улуттук балдар технопаркына да барды, анда ал Балдарга жана жаштарга акысыз кошумча билим берүүнүн программасы жана максаты менен таанышууга мүмкүнчүлүк алды, ал чыгармачылык потенциалды өнүктүрүүгө, жаңы билимдерди алууга, кесиптик көндүмдөрдү өркүндөтүүгө жана горизонтторду кеңейтүүгө мүмкүндүк берген билим берүү шарттарын жакшыртууга багытталган.

Пикир

Оставить комментарий