Бишкек, 29.06.22. /Кабар/. Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Дүйнө чемпионатына жана Эл аралык мелдештерге даярдык көрүү максатында Чолпон-Ата шаарында окуу-машыгуу жыйынын өткөрүп жатат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Окуу-машыгуу жыйыны 22-июнда башталган, 14-июлга чейин уланат.
Курама команданын тизмеси
- Айсулуу Тыныбекова (62 кг);
- Айпери Медет кызы (76 кг);
- Мээрим Жуманазарова (68 кг);
- Дилназ Сазанова, Жаркынай Нурлан кызы (65 кг);
- Нурзат Нуртаева, Кайыргүль Шаршебаева (72 кг);
- Айдай Нуридинова, Айтолкун Медет кызы, Таңчолпон Кыбалбекова, Акылай Чыныбаева, Азиза Келдибекова, Бермет Нурдин кызы, Калмира Билимбекова (57 кг);
- Гүлнур Таштанбекова, Элина Бакытова (69 кг);
- Арууке Кайыкбекова Албина Салымбекова (55 кг);
- Аяна Асаналиева (59 кг);
- Азема Калидинова (48 кг);
- Асема Төрөгелдиева (50 кг);
- Айжаркын Жаныбекова (53 кг);
- Рысбек Максүтов спаринг-өнөктөш;
- Икром Максат уулу спаринг-өнөктөш;
- Байгазы Кенжебаев улук машыктыруучу;
- Нурбек Изабеков башкы машыктыруучу.
Белгилей кетсек, окуу-машыгуу жыйыны Дене тарбия жана спорт департаментине караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын 2023-жылга карата окуу-машыгуу жыйындарынын календардык планына ылайык өткөрүлүп жатат.
Пикир
Оставить комментарий