• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

УКО-2019: Көк бөрү оюнунун үчүнчү күнү жыйынтыкталды

Спорт 0

Бишкек, 18.09.19. /Кабар/. Талас шаарынын Р. Алканов атындагы ат майданында өткөрүлүп жаткан көк бөрү оюнунун үчүнчү күнү жыйынтыкталды.

Көк бөрүнүн үчүнчү күнүнүн алгачкы оюнунда Таластын улакчылары менен Ош облусунун командасы беттешти. Оюн 7:2 эсебинде Таластын пайдасына чечилди.

Андан кийинки оюнда Бишкек шаарынын командасы Жалал-Абад облусун 7:1 эсебинде утса, Чүй облусу 18:1 ири эсебинде Ош шаарын артта калтырды.

Эскерте кетсек, көк бөрү командалары 3 топко бөлүнгөн:

"А" тобу: Ош облусу, Нарын облусу, Талас облусу;

"В" тобу: Бишкек шаары, Ысык-Көл облусу, Жалал-Абад облусу;

"С" тобу: Чүй облусу, Баткен облусу, Ош шаары.

Пикир

Оставить комментарий