• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

КМШ оюндары. Балбан Бермет Нуридин кызы коло медаль тагынды

Спорт 0

Солигорск, 13.08.23. /Кабар/. Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча жаштар курама командасынын мүчөсү Бермет Нуридин кызы Беларуста өтүп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн II оюндарында коло медаль тагынды.

Кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдештер бүгүн, 13-августта Беларустун Солигорск шаарында өтүп жатат.

Спортчу 59 кг чейинки салмак категориясында катышып, алгач Беларусь балбанына 3:0 эсебинде жеңилди. Экинчи беттешинде азербайжандын балбанын 10:0 эсебинде жеңди. Жарым финалдык беттеште россиялык балбан менен кез келип, жеңилүү ызасын тартты.

Ал эми коло медаль үчүн беттеште Өзбекстандын балбанын 3:0 эсебинде артта калтырды.

Эскерте кетсек, ушул тапта Беларустун 10 шаарында КМШ өлкөлөрүнүн II оюндары өтүп жатат. Оюндарга спорттун 22 түрү боюнча 22 мамлекеттен 2 миңден ашуун спортчу катышууда.

Аталган мелдештерде ошондой эле 200дөн ашуун кыргыз спортчусу спорттун 17 түрү боюнча күчүн сынап жатат. 4 августта башталган оюндар 14-августта жыйынтыкталмакчы.

Пикир

Оставить комментарий