Кызыл-Кыя шаарында 14 жаштагы Элдияр изделүүдө

Аймак 0

Бишкек, 05.08.22. /Кабар/. Кызыл-Кыя шаарында 14 жаштагы Элдияр Кайымов изделүүдө. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кызыл-Кыя шаарынын 41 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, анын уулун 2008-жылы туулган Кайымов Элдияр Таалайбековичти 20-июль күнү ажырашкан күйөөсү Кайымов Таалайбек Шакирович түрдүү нерселер менен алдап, үйдөн алып чыгып кеткендигин билдирген.

Бул факты Кызыл-Кыя шаардык милициясына катталып, текшерүү иштеринин жүрүшүндө атасы алып кетпегендиги белгилүү болгон.

Баланын белгилери: бою 165-170см, кашы, көзү кара түстө, чачы кыска, кара тору жүздүү, акыл-эси соо.

Үйдөн кандай кийимде чыгып кеткендиги белгисиз.

"Эгерде төмөндөгү сүрөттөгү баланы көрүп билгендер болсо, Кызыл-Кыя ШИИБдин байланыш номерлерине кабарлап коюуңуздарды суранабыз. Байланыш номерлер: (03657) 102, 5-04-20, 0779 818 131", - деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Пикир

Оставить комментарий