Кызыл-Кыя шаарында “Бирдиктүү алдын алуу” күнү өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 18.02.23. /Кабар/. Кызыл-Кыя шаарында “Бирдиктүү алдын алуу” күнү өткөрүлдү. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чаранын башкы максаты шаар аймагындагы кылмыштуулуктун алдын алуу, укук бузууларга жол бербөө болуп саналат.

Алдын алау иш-чарасында милиция кызматкерлери шаар аймагындагы ар бир участокторго бөлүнүп, мектептердеги билим алып жаткан окуучулар, шаар тургундары менен жолугуп, түшүндүрүү иштерин өткөрдү.

"Бир күндүк иш-чарада жалпысынан 13 орто мектеп, 34 соода түйүнү текшерилип, каттоодо турган 5 жаран менен профилактикалык алдын алуу иштери жүргүзүлдү. Мындан сырткары, шаар аймагындагы Январский кичи районунун жашоочуларына паспорттук режимдер өткөрүлүп, Кыргызстандын укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде 14 жаранга протокол толтурулуп, айып пулдар салынды", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий