• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Кызыл-Кыяда жашы жете элек балдарын кароосуз калтырган 4 ата-энеге айып пул салынды

Аймак 0

Бишкек, 25.04.22. /Кабар/. Кызыл-Кыя шаарынын аймагында милиция кызматкерлери "Селсаяк" иш-чарасын өткөрүп, базарларда, чоң соода борборлордо тилемчилик кылып жүргөн же болбосо туруктуу жашаган жери жок жер төлөлөрдө жашап жүргөн, кароосуз калган жарандар боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүштү. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өз алдынча мектепке барбай көчөлөрдө, базарларда, интернет клубтарда жүргөн мектеп окуучулары аныкталып, балдар менен иштөө инспекторлору тарабынан 24 сунуш мектептерге жөнөтүлдү. Ошондой эле шаар аймагындагы коомдукту тартипти сактоо, кылмыштуулуктардын алдын алуу максатында милиция кызматкерлери тармактар боюнча иш алып барды.

"Селсаяк" иш-чарасынын жыйынтыгында жалпысынан КРнын Укук бузуу жөнүндө кодексинин негизинде 55 протокол түзүлүп, анын ичинен 4 протокол ата-энелик милдеттерден качуу беренеси боюнча ата-энелерге карата түзүлүп, айып пулдар салынды.

Пикир

Оставить комментарий