• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абадда Айтматовдун туулган күнүнө карата ЖОЖ, мектептерде адабий иш-чаралар өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 10.12.21. /Кабар/. Улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата Жалал-Абад шаарындагы жогорку жана орто окуу жайларында, орто мектептерде адабий иш-чаралар өтүп жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин жыйындар залында “Аалам кезген Чыңгыз Айтматов” аталышында адабий кече өткөрүлдү. Адабий кече ЭАУнун Гуманитардык-экономикалык колледжинин жалпы билим берүүчү сабактар кафедрасынын кыргыз тили жана адабияты боюнча окутуучулары тарабынан даярдалып, кечеге аталган колледждин педагогикалык, филологиялык багыттагы адистиктери боюнча студенттери катышты.

Аталган адабий кеченин алкагында Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча окуулар, сахналаштырылган көрүнүштөр жана видео көрсөтүүлөр тартууланды.

Белгилей кетсек, буга чейин аталаган окуу жайдын борбордук китепканасында Чыңгыз Айтматовдун чыгармалырынын жумалык көргөзмөсү да өткөрүлгөн болчу.

Пикир

Оставить комментарий