• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Кызыл-Кыяда 65 турак жай сел коркунучунан корголууда

Аймак 0

Бишкек, 22.10.24. /Кабар/. Кызыл-Кыя шаарында 65 турак жай сел коркунучунан корголууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Азыркы тапта Баткен облусунун бардык район-шаарларында сел кооптуулугунун алдын алуу жана кесепеттерин жоюу чаралары жүрүп жатат.

Анын ичинде Кызыл-Кыя шаарынын аймагында да сел өткөрүүчү сайда тазалоо иштери уланууда. Караван айыл аймагынын Чоң Жин-Жиген айылында ӨКМден бөлүнгөн 2 бульдозер техникасы иштеп жатат.

Белгиленген жумуш көлөмү аткарылып бүткөрүлсө, аталган айылдагы 65 турак үй менен кошо 3000 метр ички чарбалык жол жана 1,3 гектар айыл чарба жер аянтында сел кооптуулугу жоюлат.

Пикир

Оставить комментарий