• 85.06
  • 93.51
  • 0.88

Кызыл-Кыяда адам уурдап, опузалап акча талап кылган жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 08.10.24. /Кабар/. Кызыл-Кыя шаарында адам уурдап, опузалап акча талап кылган жаран бир жылдан кийин кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 24-октябрында Ноокат районунун 27 жаштагы тургуну К.Б. өзүнүн кылмыштуу шериктери менен Ош шаарынын 33 жаштагы Т.Д. аттуу тургуну жасалма акча жасоочулук менен алектенүүсүн аныкташып, аны Кызыл-Кыя шаарына уурдап келип, 20 миң АКШ долларын талап кылышкан.

Ошол эле түнү жогорудагы кылмыштуу топ Ош шаарына Т.Д.ны күч колдонуп Кызыл-Кыя шаарына алып келишип, өздөрүн "смотрящий" деп атаган 8 жаран белгисиз ок атуучу курал менен коркутуп, "бизге жасалма 20 миң АКШ долларын таап келесин, болбосо автоунааңды бизге өткөрүп бересин" деп коркутушуп, айдоочулук көбөлүгүн, 10 миң 650сом акчасын, айдап жүргөн автоунаасын тартып алышкан.

Бул факты Кызыл-Кыя шаардык милициясына катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин "Адамды уурдоо", "Опузалап талап кылуу" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголуп, жабырлануучу Т.Д.га тиешелүү соттук экспертизалар дайындалган.

Кызыл-Кыя ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында 2023-жылдын октябрь айынын аяктарында кылмыштуу топтун алтоосу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал эми И.У. аттуу жаран изин жашыруу максатында Тажикстанга качып кетип, эки өлкөнүн милиция кызматкерлеринин сүйлөшүүсүнүн негизинде кылмыштын изи сууй электе И.У. Тажикстандын аймагынан кармалып, кыргыз өлкөсүнө өткөрүлүп берилген.

Бул кылмыштуу топту жетектеген К.Б. кылмыштуу жоопкерчиликтен качуу максатында Кыргызстандын аймагынан тез аранын ичинде чыгып кеткендигине байланыштуу Кызыл-Кыя шаардык соту аны камакка алуу чечимин чыгарган.

Кызыл-Кыя ШИИБдин кызматкерлеринин ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында 2024-жылдын 5-октябрь күнү Ош шаарындагы аэропортунан издөөдө жүргөн К.Б. кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий