• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Кызыл-Кыя шаарында батирден 75 жаштагы жарандын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 10.06.22. /Кабар/. Кызыл-Кыя шаарында батирден 75 жаштагы жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 10-июнда түшкү саат 12:31де Кызыл-Кыя шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн батиринин эшигин ачып берүүгө жардам сурап кайрылышкан.

Жерине шаардык Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 6 куткаруучу аталган дарек боюнча саат 12:35те жетишип, саат 12:40та эшикти ачышкан.

"Үйдүн ичинен 75 жаштагы И.А. аттуу жарандын сөөгү табылып, жакындарына өткөрүп берилди", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий