• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кызыл-Кыяда бажы кызматкери опузалап пара алып жаткан жеринен кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 11.05.24. /Кабар/. «Кызыл-Кыя автожолу» алдын ала бажылык жол-жоболоштуруу жайынын улук нөөмөтчүсү, бажы кызматынын капитаны опузалып пара талап кылуу фактысы менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдириштию

УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин "Опузалап пара талап кылуу" беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Мамлекеттик бажы кызматынын Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ички иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте «Кызыл-Кыя автожолу» көзөмөл-өткөрүү пунктунда Мамлекеттик бажы кызматынын айрым кызматкерлери тарабынан аталган аймакта иш алып барган жеке ишкерлерден акча талап кылуу боюнча системалуу түрдө уюшулган коррупциялык схема аныкталды.

Мындан улам, үстүбүздөгү жылдын 9-майында ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Кызыл-Кыя автожолу» алдын ала бажылык жол-жоболоштуруу жайынын бажы кызматынын улук нөөмөтчүсү, бажы кызматынын капитаны Ж.М.А. кармалды.

Учурда бул коррупциялык схемага тиешеси бар айрым кызмат адамдарын аныктоо боюнча активдүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий