• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Токмок шаарына күйүүчү-майлоочу май мыйзамсыз ташылып келген

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.03.23. /Кабар/. УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Токмок шаарынын жана Чүй районунун аймагына күйүүчү-майлоочу майларды мыйзамсыз алып келип, сатуу менен алектенген туруктуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

УКМКдан билдиришкендей, күйүүчү май сактоочу жайды текшерүүнүн жыйынтыгында Лексус GX470 үлгүсүндөгү 4 унаа, Мицубиси Паджеро үлгүсүндөгү 1 унаа жана Мерседес W140 үлгүсүндөгү 1 унаа кармалып Токмок шаардык милициясынын айып унаа токтотуучу жайына киргизилди. Ал унаалардан 11 тонна күйүүчү-майлоочу майы табылып, тиешелүү документтерин текшерүү үчүн Салык кызматынын Токмок шаары боюнча башкармалыгына өткөрүп берилди.

Азыркы учурда келтирилген чыгымды жана мыйзамсыз аракеттерге катышкан адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий