Бишкек, 21.01.25. /Кабар/. Кызыл-Кыя шаарында 20-21-январь күндөрү "Допинг" аталышындагы алдын алуу иш-чара уюштурулду.
Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, анда милиция кызматкерлери шаар аймагында жаштарга баңгизаттардын зыяндуулугу боюнча түшүндүрүү иштерин өткөрүүдө.
Жаш балдарга баңгизаттын адамга тийгизген таасири, ден соолукка жана коомго болгон зыяндуулугу боюнча кенен маалыматтарды жеткирди.
Мектеп окуучулары милиция кызматкерлерине кызыктырган суроолорун беришип, жооп ала алышты.
Пикир
Оставить комментарий